Кыргызстан менен Япония салык тармагында жаңы кызматташтыкка жетишти

Кыргызстан менен Япония салык тармагында жаңы кызматташтыкка жетишти

6-9-октябрда Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Япониянын расмий делегацияларынын ортосунда Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Тараптар документтин жоболорун кеңири талкуулап, принципиалдуу макулдашууну кабыл алышты. Макулдашуу расмий түрдө эки тараптын ички процедуралары аяктагандан кийин кол коюлат.

Бул макулдашуу Кыргызстандын жана Япониянын ишкерлери үчүн эки жолу салык төлөөдөн кутулуу мүмкүнчүлүгүн берет, экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Андан сырткары, документ салык төлөөдөн качуу, дискриминациялык салык салуу жана макулдашууну кыянат пайдалануу учурларын алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн салык органдарынын ортосунда маалымат алмашууну чыңдоого багытталган.

Мындай эл аралык келишимдер Кыргызстандын экономикасына түз инвестицияларды тартууну жеңилдетет жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң