Панфилов районунда 106,5 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Панфилов районунда 106,5 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы Чүй облусунун Панфилов районундагы 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын текшерип, 106,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Ekonomist.kg сайты жазды.

Маалыматка ылайык, аудит жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, муниципалдык ишканаларды жана айрым мекемелерди камтыган. Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу жана финансылык тартиптин сакталбашы боюнча олуттуу фактылар табылган.

Аныкталган 106,5 млн сомдук мыйзам бузуулардын ичинен 93,1 млн сом калыбына келтирилиши керек, ал эми 7,5 млн сом аудит маалында эле кайра бюджетке кайтарылган.

Аудит учурунда төмөнкүдөй бузуулар аныкталган:
– бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу;
– курулуш иштеринин наркын негизсиз жогорулатуу;
– ченемден ашык чыгымдар;
– мүлктү эсепке алуу тартибинин бузулушу;
– отчёттук документтерди бурмалоо.

Айрыкча, эсепке алынбаган мүлккө байланышкан мыйзам бузуулардын көлөмү эле 85 миллион сомго жакынэкени белгиленди.

Текшерүүнүн материалдары Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Панфилов райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлүп, тиешелүү органдарга мыйзам бузууларды жоюу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң