Соцфонд: Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун кирешеси 5 млрд сомго жетти

Соцфонд: Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун кирешеси 5 млрд сомго жетти

Социалдык фонд Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы инвестицияларынын жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттары 15,2 млрд сомдон ашык суммада инвестицияланган. Анын ичинен 9,4 млрд сом мамлекеттик баалуу кагаздарга 12,9-16,0% жылдык кирешелүүлүк менен салынган.

Коммерциялык банктардын 12 жана 18 айлык депозиттерине 4,1 млрд сом жайгаштырылып, жылдык киреше 12,1-13,5% түздү. Ошондой эле 1,75 млрд сом КР эмитенттеринин акцияларына инвестицияланган.

Отчеттук мөөнөттө инвестицияланган каражаттардан жалпы 5 млрд сомдон ашык киреше түшкөн. Анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздардан 4,3 млрд сом, депозиттерден 668 млн сом жана башка кирешелерден 23 млн сомдон ашык сумма алынган.

Бул көрсөткүчтөр МТПФнын каражаттарын эффективдүү башкаруу жана пенсиялык камсыздоонун туруктуулугун камсыздоодо маанилүү роль ойногонун далилдейт.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң