Бишкек-2028: Кыргызстан эл аралык каржы борборуна айланабы?

Бишкек-2028: Кыргызстан эл аралык каржы борборуна айланабы?

Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйынынын алкагында Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Швейцариялык добуш берүү тобунун аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкындагы (ЭРӨБ) квотасын жогорулатуу, ЭӨА–21 алкагындагы каражаттарды бөлүштүрүү, ошондой эле бюджеттик колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Министр Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банкка жана Швейцариялык топко реформаларды жана артыкчылыктуу долбоорлорду колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин ишине катышуусунун стратегиялык маанисин белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда өнүктүрүү саясатын колдоо программасы (ӨСКП), Камбарата-1 ГЭС долбоорунун келечеги жана 2028-жылы Бишкекте Дүйнөлүк банктын шайлоо округунун жыйынын өткөрүү сунушу талкууланды.

Министр кыргыз тарап ар тараптуу кызматташтыкты улантууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга толук даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң