Быйыл 9 айда ИДПнын көлөмү 1.240 трлн сомго жетти

Быйыл 9 айда ИДПнын көлөмү 1.240 трлн сомго жетти

2025-жылдын тогуз айында ички дүң продукциянын көлөмү 1,240 триллион сомго жетип 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга өскөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Быйылкы жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,5 пайызды түздү. Тамак-аш азыктар жана алкоголсуз суусундуктар – 6,4%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 5,1%га, азык-түлүк эмес азыктар – 3,3%га жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 6,3%га  жогорулаган.

Өлкөнүн  тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-августунда  9 848,1 млн. доллларды түзүп, 2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөндөгөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 23,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 5,2 пайызгы азайган.

2025-жылдын январь-августунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 349,0 млн доллар болду жана республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,7 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди. 

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң