Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүүсүнө 6,36 миллион доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүүсүнө 6,36 миллион доллар бөлдү

Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын негизги багыттарын талкуулап, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашырууну макулдашты.

Жыйынтыгында долбоорго 6,36 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо бөлүнүп, анын ичинен 4,36 миллион доллар кредит жана 2 миллион доллар грант каралган. Бул каражаттар бала бакчаларды оңдоого, жабдуулар менен камсыздоого жана мектепке чейинки билим берүүнүн камтуусун кеңейтүү максатында имараттарды оптималдаштырууга жумшалат.

Мындан сырткары, тараптар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР-21) ресурстарын бөлүштүрүү, бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын жакшыртуу, адам капиталын өнүктүрүү жана экономиканы санариптештирүү боюнча реформаларды илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Министр Алмаз Бакетаев социалдык-экономикалык реформаларды колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң