Январь-сентябрь айларында негизги капиталдагы инвестиция 206 млрд сом болду

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында негизги капиталдагы инвестиция көлөмү 206 млрд сом болгонун Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу инвестиция көлөмү 18,8%га жогорулаган.
“Мындай өсүү ички каржылоо булактарынын 27,8%га өсүшүнөн болгон жана ошол эле кезде тышкы инвестиция көлөмү төмөндөгөн”,-дейт ал.
Буга улай Керималиева 9 ай ичиндеги инвестициянын 85%ы тоо кендерин казуу объектилеринин курулуштарына, кайра иштетүү өндүрүшүнө, транспорт ишмердүүлүгүнө жана жүктөрдү сактоого, электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоого, билим берүүгө жана турак үйлөрдү курууга багытталганын билдирди.