Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанга 9 айда эт продукцияларынын негизги түрлөрүнүн импорту өскөнү ЕАЭБ жана үчүчүнчү өлкөлөр боюнча жыйынтыкталган отчетунда көрсөтүлдү.
9 айы ичинде Кыргызстанга:
– үй канаттуулар эти – 80,9 миң тоона;
– уй эти – 1,54 миң тонна;
– чочко эти – 0,86 миң тонна;
– кой эти – 0,46 миң тонна.
Цифралар көрсөтүп тургандай Кыргызстанга импорттолгон эт продукцияларынын көлөмү экспорттук эт продукцияларынан кыйла арбын. Тагыраагы, жогорудагы отчеттук мезгилде чет өлкөлөргө 6 тонна канатуулар эти жана 138,4 тонна уй эти сатылган.