Кыргызстан өзүн өзү азыктык буудай менен 25% камсыздайт

Кыргызстан өзүн өзү азыктык буудай менен 25% камсыздайт

Кыргызстан буудай менен ички рынокту 20-25%га жабарын, калган керектөө көлөмү импорттун эсебинен жабыларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүм башчысы Уран Чекирбаев радиоэфирден билдирди. 

Анын айтымында, советтик доордо өлкө өзүн өзү 60-80% менен камсыз кылып келген болсо, азыр буудай импорту 80%га жеткен. “Азыр дан эгиндеринин башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу кирешеси аз. Биз фермерлерди колдоого аракет кылып жатабыз. Бирок бизде мал жана канатуулар чарбачылыгы жакшы өнүккөндүктөн көпчүлүк буудай эгилген талаалар азыр тоют өсүмдүктөрү – арпа, беде айдоо үчүн колдонулуп жатат”,-дейт ал. 

Буга улай ал Кыргызстан буудайы клейковинасы жана катуулугу боюнча Казакстан, Россияныкына жетпей турганын айтат. “Сатып алуучулар так ушуга маани беришет. Ошондуктан үрөнчүлүктү өнүктүрүп, азыктык буудайды сатып алуу механизмдерин жакшыртышыбыз керек”, дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда быйыл 8 айда 7,7 тонна кондитердик продукция өндүрүлгөн

Кыргызстанда быйыл 8 айда 7,7 тонна кондитердик продукция өндүрүлгөн

Кыргызстандагы ишканалар 8 ай ичинде 7,7 миң тонна кондитердик продукция чыгарышып, өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу 13%га көп таттуу товар даярдашыптыр.   2024-жылы 8 айда өлкө боюнча 6 873,3 тонна кондитердик азыктар чыгарылса, 2023-жылы 6,1 миң тонна өндүрүлгөн.  2025-жылы январь-август айларында 7,7 миң тонна кондитердик товар

Виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор сунушталат

Виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор сунушталат

Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш  менен Экономика министрлиги биргелешип виртуалдык активдер тууралуу КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду даярдашты.  Аталган кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминовдун айтымында - түзөтүүлөр стейблкоин жана ошондой эле токиндерди реалдуу активдер менен камсыздап, юридикалык аныктамасын бекемдөөгө багытталат.  Ошондой эле сунушталган өзгөртүүлөр "

Кыргызстанда виртуалдык активдер көлөмү 587 млрд сомго жетти

Кыргызстанда виртуалдык активдер көлөмү 587 млрд сомго жетти

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында виртуалдык активдердин жүгүртүүсү 860 млрд сомго жеткенин Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов билдирди. Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө виртуалдык активдер рыногунун 200гө жакын лицензия алган катышуучусу бар. "Акыркы үч жылда криптовалюта операторлорунун рыногу 28

Дональд Трамп Путинге эмнени табышмактатты?

Дональд Трамп Путинге эмнени табышмактатты?

Ак үйдөгү кезектеги пресс-конференцияда АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путиндин жаңы америкалык санкциялардын таасирдүүлүгү боюнча билдирүүсү боюнча айтканын “Би-Би-Си” жарыялады. Эске салсак, ушул жуманын шаршембисинде Трамп Россияга каршы жаңы чектөө чараларын киргизип, санкциялык тизмеге бул өлкөнүн ири “Роснефть” жана “Лукойл”нефти компанияларын киргизген.  Бейшембиде Путин: “санкциялар олуттуу мүнөздө