Стамбул фондулук биржасы Кыргызстан фондулук биржасындагы үлүшүн эмнеге көбөйттү?

Стамбул фондулук биржасы Кыргызстан фондулук биржасындагы үлүшүн эмнеге көбөйттү?

Кыргыз фондулук биржасы Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясынын Стамбулда өткөн 64-Генералдык ассамблеясына катышканын КФБ билдирди. 

Бул иш чарада КФБ жетекчилиги Стамбул биржасынын жетекчилиги менен жолугуп, тараптар мындан аркы кызматташууларды талкуулашкан. Бул сүйлөшүүдө Стамбул биржасы  КФБ капиталындагы катышуу үлүшүн көбөйткөнү айтылды жана бул эки өлкөнүн финансы институттарынын ортосундагы ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүк кылуунун жогорулаганын далилдейт. 

Ошондой эле бул жолугушууда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүдө өз ара кызматташуу макулдашылып, алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жана бул багытта бирдиктүү жол картасына кол коюу маселелери талкууланган. 

Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясынын генералдык ассамблеясы ­– ар жылы 90 өлкөдөн келген 250дөн ашык өкүлдү бириктирген ири дүйнөлүк биржалар жолугушуусу.  

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей

Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кечээ президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, экономиканы чыңдоо үчүн ата мекендик өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Өлкө башчысы импортту азайтып, экспортту көбөйтүү зарылдыгын айтты. “Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30% экспорттоп, 70% импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60%