Бир жумада QR-код аркылуу 40 млн сом бажы төлөмү чогулду

Бир жумада QR-код аркылуу 40 млн сом бажы төлөмү чогулду

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевдин айтымында, бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөө системасы ишке киргизилгенден бери бир жуманын ичинде бюджетке 40 млн сомго жакын каражат түшкөн.

Жаңы кызмат “Элдик банк” менен биргеликте ишке ашырылып, ишкерлерге бажы төлөмдөрүн каалаган жерде жана каалаган учурда онлайн төлөөгө шарт түздү.

“Ишкерлер Бажы кызматынын сайтынан уникалдуу кодду киргизип, QR-код аркылуу төлөм жүргүзө алышат. Төлөм жасалгандан кийин маалымат дароо системага түшөт. Бул ишкерлер үчүн абдан ыңгайлуу шарт”, — деди Салиев “Биринчи радионун” түз эфиринде.

Ошондой эле QR-код системасы жарандар менен кайтарым байланыш механизмин өркүндөтүү жана мамлекеттик кызматтарды ачык-айкын кылуу максатын көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Орозбаева Улуу Британиядан келген чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин гендердик теңчилик жана инклюзия маселелери боюнча кеңешчиси Люси Макдермотт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар гендердик теңчилик,

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү үчүн дүмүр алуу иштери уланууда

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү үчүн дүмүр алуу иштери уланууда

Борбор калаада "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы тарабынан дүмүрлөрдү алуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул иштер шаар аймагын көрктөндүрүүгө, санитардык абалды жакшыртууга, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Маалыматка ылайык 2023-жылы 3 566 дүмүрдү түзүп. 2024-жылы 3 521 дүмүр алынган.

Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу улантылууда. Долбоор улуттук энергосистеманын ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана электр энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөлдү Fichtner GmbH

Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев 2026-жылдын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо, стратегиялык максаттарга жетишүү жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, максаттарга жетүү жогорку уюшкандыкта