Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев 2026-жылдын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо, стратегиялык максаттарга жетишүү жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, максаттарга жетүү жогорку уюшкандыкта жана координацияланган командада гана мүмкүн.

Жыйындын негизги темаларынын бири – “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылуучу 100 күндүк эки демилге:

Бажылык тариздөө процесстерин жөнөкөйлөштүрүү – тышкы экономикалык ишмердик субъекттери үчүн товарларды идентификациялоону 14 күндөн ашпоого, борборлоштурулган санариптик “бирдиктүү терезе” механизминин ишке киришине шарт түзүү. Бул чара логистика жана бизнес чыгымдарын азайтуу максатын көздөйт.
Аскерге чакырылууга чейинки жарандарды медициналык кароодон өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү – бирдиктүү электрондук реестр түзүлүп, медициналык текшерүүлөр баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына өткөрүлөт. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу маалыматтар санариптештирилип, пилоттук долбоор Чүй облусунун Аламүдүн районунда 700гө жакын адамды камтыйт. Мындан кийин механизм республика боюнча жайылтылат.

Адылбек Касымалиев демилгелердин өз убагында жана сапаттуу ишке ашышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media