Чүй облусун газдаштыруу аракетинде жеңилдетилген кредит берилип жатат
 
    КРны Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун бекитүү жөнүндө” долбоору 2025-жылдын апрель айында бекитилген.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышкан жана кредиттөөнүн көлөмү 200,0 млн. сом суммасын түзөт. 2025-жылдын 16-октябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 84 каржылоо субъектине 10,59 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, бул каржылоо Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.
 
             
             
             
            