Салык кызматы Кыргызстанда зергерчиликти өнүктүрүүгө кызыкдар

Салык кызматы Кыргызстанда зергерчиликти өнүктүрүүгө кызыкдар

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейландын чакыруусу боюнча иш сапары менен Түркия Республикасында болду. Сапардын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Түркиянын алдыңкы зергерчилик борборлорунун бири, белгилүү Кахраманмараш шаарынын зергерчилик тармагы менен таанышты.

Ал жерден зергерлер палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, квалификациялуу зергер адистерди даярдоо жана бул тармактагы техникалык тажрыйба алмашуу маселелери талкуулады. Салык кызматынын төрагасы Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен биргеликте зергерлерди даярдоо боюнча атайын факультет ачуу пландаштырылып жатканын белгиледи.

Ошондой эле аталган демилге аркылуу жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейерин, зергер буюмдардын сапаты жогорулай турганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)