Аймактык долбоорлорго 900 млн сомдон ашык инвестиция тартылды

Аймактык долбоорлорго 900 млн сомдон ашык инвестиция тартылды

КРнын аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишмердүүлүгү 2025-жылы жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттары “Мамфинхолдинг” ААК аркылуу жылдык 2% чен менен берилген бюджеттик кредиттердин негизинде экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулууда.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “Мамфинхолдинг” ААК жалпы суммасы 915,3 млн сомдук 184 экономикалык долбоорду жактырды. Алардын ичинен 595,7 млн сомго 128 долбоор иш жүзүндө каржыланды.
Салыштыруу үчүн, 2024-жылы Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен 165,8 млн сомго 38 долбоор, ал эми 2023-жылы — 146,1 млн сомго 34 долбоор колдоого алынган.

Бул көрсөткүчтөр инвестициялык ишмердүүлүктүн жанданышын жана реалдуу экономика секторун колдоого мамлекеттин катышуусунун кеңейишин айгинелейт.

Аймактарды өнүктүрүү фонддору тоо-кен компанияларынын чегерүүлөрү жана лицензиялык төлөмдөрдүн эсебинен түзүлүп, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, жумуш орундарын түзүү жана жашоо сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттардагы долбоорлорду каржылоону улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат. Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой