Асман шаарынын курулушу расмий башталды

Асман шаарынын курулушу расмий башталды

Ысык-Көл облусунда мамлекеттин жетекчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Асман шаарынын курулушун баштоо иш-чарасы болду. Бул шаар долбоору Кыргызстан тарыхындагы эң масштабдуу долбоорлордун бири. 

 Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматы боюнча шаар курулушу этап-этап менен жүргүзүлөт жана долбоорду жеке компаниялар ишке ашырат. 

Аталган агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров бир фирмага 100 гектар, а экинчисине 80 гектар жер бөлүнүп берилгенин маалымдады. “Биз шаарды курууга бардык курулуш компанияларын чакырып жатабыз. Бардыгына шарт бирдей. Кимде ким өзүнүн долбоорун жана инновациялык идеяларын ишке ашыргысы келсе Асман дирекциясына кайрылса болот”,-дейт ал. 

Эске салсак, буга чейин Elite House фирмасы курулуш үчүн 100 гектар, долбоордун башкы өнөктөшү болуп дайындалган кытайлык компания 50 гектар жер алганы маалым болгон. 
Асман өнүккөн инфраструктурасы, турак жай кварталдары, эс алуу зонасы жана инновациялык башкаруу технологиялары бар заманбап шаар катары эсептелет. 

2023-жылы Президент Садыр Жапаров 500-700 миң жашочуга эсептелген, экологиялык жактан таза шаардын курулушуна капсула салган. Бирок, эл аралык өнөктөштөр долбоорго “жашыл шаарды” түзүү боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштагандыктан инвесторлор менен болгон келишим жокко чыгарылган. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып