“Чайна Петроль Компани Джунда” компаниясы Кеминде ири станциясын ачты

“Чайна Петроль Компани Джунда” компаниясы Кеминде ири станциясын ачты

Кыргызстанда көп жылдардан бери иштеп келе жаткан “Чайна Петроль Компани Джунда” ЖЧКсы 2024-жылы декабрь айында куруп баштаган Кеминдеги май куюучу станциясын ачты. 

Бул “Джунда” тармагынын 5 миң чарчы метр аянтты ээлеген ири май куюучу жайларынын бири. Райондун “Жылтыр” участогунда жайгашкан заманбап май куюучу жай эми суткасына 24 саат бою кардарларды тейлөөгө даяр. 
Бул аталган компаниянын иши убактылуу токтоп калган акыркы 5 жыл ичиндеги биринчи станция. Ал акыркы технологиялык стандарттар боюнча жабдылган жана сапат, коопсуздук жана экология талаптарына толук жооп берет. Бул “Чайна Петроль Компани Джунда” ЖЧКсынын 28-май куюучу станциясы. 

Компания акыркы жылдарда Кыргызстанда ишенимдүү түрдө май куюуучу жайлардын санын көбөйтүп, күйүүчү майдын сапатын жогорулатып, кардарлары менен өнөктөштөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн сервисти өнүктүрүп келе жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат. Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой