Кыргызстан Янлин айыл чарба жарманкесинде экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө
Кыргызстан Янлин шаарында өткөн айыл чарба жарманкесине катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Министрликтин Кытай Эл Республикасындагы өкүлчүлүгү 25–29-октябры аралыгында Янлин шаарында өткөн 32-Кытай жогорку технологиялуу айыл чарба жарманкесине катышты.
Иш-чарада Кыргызстандын улуттук стенди уюштурулуп, анда бал, кургатылган жемиштер, жаңгактар, таттуулар жана башка айыл чарба продукциялары көрсөтүлдү.
Көргөзмөгө катышуу Кыргызстандын агрардык секторунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн таанытууга жана кытайлык өнөктөштөр менен байланыштарды бекемдөөгө шарт түздү.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба кызматташтыгы боюнча жыйынына катышып, өлкөнүн экспорттук потенциалы жана агрардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

