АЧК-13 долбоору боюнча 4 081,22 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

АЧК-13 долбоору боюнча  4 081,22 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

2025-жылдын  23-октябрына карата АЧК-13 долбоорунун алкагында республиканын  6 487 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө  4 081,22 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты.

Берилген кредиттин ичинде:  “Мал  чарбачылык”  тармагы  боюнча  3 381,64  млн.  сом суммасында 5 443 субъект; “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 441,02 млн. сом суммасында 898 субъект; “Сууну үнөмдөөчү технологиялар” тармагы боюнча 17,00 млн. сом суммасында 24 субъект; “Лизинг” тармагы боюнча  241,56  млн. сом суммасында 122 субъектти түзөт.

2025-жылдын 23-октябрына карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат таблицада (млн. сом менен)

Аймактар

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы  

Республика боюнча бардыгы

6 487

4 081,22

Чүй облусу          

1 169

744,32

Ысык-Көл облусу 

1 105

606,67

Талас облусу  

660

431,11

Нарын облусу  

699

475,31

Жалал-Абад облусу

1 259

810,67

Ош облусу

1 132

728,49

Баткен облусу

463

284,65

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү

Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат

Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат

4-марттан тарта Джидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданарын Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, бул чечим президенттин тапшырмасынын негизинде элчилик тарабынан Flynas авиакомпаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган. Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет сатып алып,