Караколдо жашыл экономика жана жеке сектордун өсүшү талкууланды
Кечээ, Каракол шаарында GIZ Программасынын "Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүшү" боюнча Регионалдык Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Программа Германия Өкмөтүнүн, Европа Биримдигинин жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.
Иш-чарага министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкерлер ассоциацияларынын, жеке сектордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышышты.
Жыйында Программанын 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын октябрына чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы пландары талкууланды. Катышуучулар “Жашыл саясат”, “Жашыл практикалар” жана “Жашыл тандоо” багыттары боюнча отчеттор менен таанышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө аймактарында жашыл экономиканы өнүктүрүү жана жеке сектордун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

