Эмгекке жарамдуу адамдардын 60%ынын адистик билими жок

Эмгекке жарамдуу адамдардын 60%ынын адистик билими жок

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу адамдардын 60%ынын профессионалдык билими жок экенин Агартуу министрлигинин көз карандысыз сертификация жана валидация борборунун директору Жанар Шаматова билдирди. 

Анын айтымында, борбордун иши формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү жолу менен алынган адистиктер боюнча компетенцияларды жалпысынан жана ар башка ишмердүүлүк түрлөрү боюнча бышыктоо жана кабылдоого багытталган. 

“Борбор жарандардын профессоналдык көндүмдорүн баалоо боюнча чоң иштерди жүргүзөт. Натыйжа көрсөткөндөй валидациядан (адистикке жарактуулугун текшерүү) өтүүнү каалаган талапкерлердин саны  өсүп жатат. Иштеп жаткан адамдар карьералык тепкич боюнча өйдөлөөгө документ керек экен деп келип жатышат. Ошондой эле чет өлкөдө иштеп жана ошол жактагы жумушуна бекигиси келгендер да кайрылышат”, - дейт ал.  

Буга улай Ж. Шаматова эки жыл ичинде валидация маселеси боюнча 1 миң адам кайрылып, анын 700ү процедураны ийгиликтүү өтүп кеткенин билдирди. 

Валидация жүргүзүлүп жаткан негизги адистиктер – электр жабдыктарын оңдоочу слесарь (темир уста)-электрик, ашпозчу, шыбакчы, маляр, сантехник, мебелдик, жыгач уста чебери, автоунааларды оңдоочу слесарь, тигүүчү, токарь, бычмачы.  

Мындан тышкары окуңуз

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары -

Парламентте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жолдору талкууланды

Парламентте туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн жолдору талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин катышуусунда Туруктуу өнүгүү максаттарына байланышкан депутаттык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга депутаттар, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев бул жолугушуу туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоого жана аларды ишке ашырууда парламенттин ролун күчөтүүгө багытталган маанилүү аянтча