"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды.

Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана Кара-Суу базары дүйнөлүк стандарттарга жооп бериши керек. Бул ишкерлер менен кардарлар үчүн кышында сууктан, жайында ысыктан жапа чекпеген ыңгайлуу шарттарды түзмөк.

Ушуга байланыштуу президент "Дордойдун" ээси Аскар Салымбеков менен жеке жолуккан.

"Мен аксакалды чакырып: "Сиз 30 жылда бул базардан миллиардер болдуңуз. Бул жерге Дубайдагы же Стамбулдагыдай заманбап комплекс куруп, аялдарыбыз үчүн жакшы шарт түзүңүз дедим", — деп айтты мамлекет башчы.

Анын айтымында, Аскар Салымбеков сунушту колдогону менен, азыркыга чейин конкреттүү иштер баштала элек. Президент: "Же карып калдыбы, же акчасын аяп жатабы?" — деп суроо салганын белгилеп, жакын арада аны кайра чакырып сүйлөшөрүн кошумчалады.

Ошол эле учурда башка базарлар боюнча иштер жүрүп жатат. Президент билдиргендей, Ош базары 2026-жылдын июль айында жаңы жерге көчүрүлөт. Ал эми Кара-Суу базарына мамлекет кийлигишип, Садыр Жапаров болжолу боюнча, 1,5 жыл ичинде ал заманбап соода аянтчасына айланат.

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media