Этке баа чектелди: кайсы райондо канча сом?

Этке баа чектелди: кайсы райондо канча сом?

Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагында – базарларда, супермаркеттерде жана дүкөндөрдө – социалдык маанилүү товарлардын бааларына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзө баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Бекитилген максималдуу баалар боюнча:

Бишкек шаары: уй эти — 680 сом/кг, кой эти — 670 сом/кг
Чүй облусу: уй эти — 680 сом/кг, кой эти — 690 сом/кг
Ош шаары жана облусу: уй/кой эти — 680/680 сом (Ош шаарында), Ноокат районунда — 620/650 сом
Ысык-Көл облусу: 650–690 сом/кг
Жалал-Абад облусу: 580–690 сом/кг райондорго жараша
Баткен облусу: 650–680 сом/кг

Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 12-ноябрына карата социалдык маанилүү товарлардын, анын ичинде аймактардагы уй жана кой этинин орточо керектөө баалары атайын таблица менен берилген. Толук тизмени жана деталдуу маалыматты Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынан көрүүгө болот.

Мониторингдин максаты – социалдык маанилүү товарлардын бааларын туруктуу кармоо жана ашыкча баалардын алдын алуу.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды. Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган. Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды. Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана