Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде кыргыз тигүү продукциясынын Россия Федерациясынын рыногу аркылуу жеткиликтүүлүгүн жана тармакты колдоо чараларын талкуулаган ведомстволор аралык жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Россиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү натыйжасында келип чыккан актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле, ички рынокту жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү колдоо боюнча аракеттер талкууланып, продукциянын сапатынын заманбап стандарттарын киргизүү, кадрларды даярдоо программаларын кеңейтүү жана инфраструктураны модернизациялоо маселелери каралды.

Бизнес өкүлдөрү тармактагы тоскоолдуктарды белгилеп, аларды жоюуга жана министрлик менен кызматташууга даяр экенин билдиришти. Жыйынтыгында министрликке тигүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган сунуштардын комплекси иштелип чыгууга тапшырма берилди.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков секторду узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди бизнес-коомчулук менен системалуу иштөө аркылуу ишке ашырууну улантарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык серепчилер май айында доллар 70–75 рублга түшүшү мүмкүндүгүн болжошууда

Россиялык сеперпчилердин баамында, жакынкы айларда рубль күчтөнүп, доллардын курсу төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу «БКС Мир инвестиций» компаниясынын башкы экономисти Илья Федоров РИА Новостиге билдирген. Анын айтымында, учурда валюта рыногундагы баланс рублдин пайдасына өзгөрүп, май айында доллардын курсу 70–75 рублга чейин түшүшү мүмкүн. Азыркы учурда доллардын курсу болжол менен 76,

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор