Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында кемчиликтер аныкталды

Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар электрондук порталында кемчиликтер аныкталды

КРнын Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында КРнын Финансы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулардын электрондук веб-порталынын ишине натыйжалуулук жана пилоттук маалыматтык технологиялар аудитин жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы  боюнча порталдын ишинде координациянын, көзөмөлдүн жана маалыматтык коопсуздуктун жетишсиздигинен улам бир катар кемчиликтер бар экенин аудит аныктаган.

КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, анын алдындагы “Сатып алуулар борбору” мамлекеттик мекемеси жана “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жетиштүү деңгээлде жолго коюлбаганын аудит көрсөттү. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин тартыштыгы да терс таасирин тийгизип, маалыматтык коопсуздук боюнча кемчиликтер байкалган.

Эсептөө палатасынын билдирүүсүнө караганда, колдонуучулардын укуктарын башкаруу жетишсиз, айрым кызматкерлерге негизсиз кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. Тармактар жана серверлер жетиштүү корголбогон. Порталдын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо жана кырсыктан калыбына келтирүү боюнча план системалуу түрдө тестирленбеген.

Мындан тышкары, “Сатып алуулар борбору” мамлекеттик мекемеси бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонууда бааларга мониторинг жүргүзүү талабын аткарбагандыктан, айрым келишимдер атаандаштыксыз түзүлгөн.

Жогорудагыларга байланыштуу, маалыматтык технологияларды башкарууну күчөтүү, коопсуздукту жана интеграцияны жакшыртуу мамлекеттик сатып алуулар системасынын ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын арттыруу жөнүндө сунуштамалар берилген.

 

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Арабаев атындагы мектепке 500 орундуу жаңы мектеп имараты салынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Учурда имаратты эмерек менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы мектептин жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Окуучулар үчүн заманбап

Манас районунда 1350 метр жаңы сугат каналы казылды

Манас районунда 1350 метр жаңы сугат каналы казылды

Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылынан түшкөн өзөндүн суусун М1 насостук станциясынын каналына багыттоо үчүн 1350 метр жаңы канал казылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул долбоордун негизги максаты — насостук станциянын электр энергиясын үнөмдөө жана сугат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу

Чолпон-Атада мыйзамсыз реконструкция үчүн 200 миң сом айып салынды

Чолпон-Атада мыйзамсыз реконструкция үчүн 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугуна туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү 283 дарегинде жайгашкан май куюучу станцияны реконструкциялоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөнү аныкталды. Ошондой эле курулуш талаптарын