Кыргызстанда быйыл помидордун түшүмү гектарынан 120 тоннадан айланды

Кыргызстанда быйыл помидордун түшүмү гектарынан 120 тоннадан айланды

Быйыл жашылча-жемиштерден помидор, калемпир жана картошканын, дан өсүмдүктөрүнөн жүгөрүнүн түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болгонун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирген.  

“Чүй өрөөнүндө помидордун түшүмү гектарына 120 тоннадан айланып, дүйнөлүк рекордго чыккан. Дүйнөлүк рекорд катары 98 – 100 тоннанын тегерегинде помидор жыйноо буга чейин АКШда катталган экен. Негизинен помидордун түшүмдүүлүгү орточо 80-90 центнердин тегерегинде айланат”,- дейт Т. Идрисов.

Андан тышкары ал Талас облусунда болгар калемпиринин, Кочкор районунда картошканын түшүмү мол болгонун ортого салган. 

“Талас облусунда болгар калемпири гектарына 25-27 тоннадан алынды. Ал эми Кочкор районунда картошкадан 35 тоннадан өйдө түшүм алып, чоң жетишкендик болду”,- дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууларын улантты. Кара-Суу районунда талкуунун эң актуалдуу темасы — жергиликтүү базардын мындан аркы өнүгүүсү болду. Анткени анда айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү эмгектенет. Кара-Сууда заманбап соода борбору курулат деп билдирди Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. Мамлекет башчысынын айтымында,