Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууларын улантты. Кара-Суу районунда талкуунун эң актуалдуу темасы — жергиликтүү базардын мындан аркы өнүгүүсү болду. Анткени анда айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү эмгектенет.

Кара-Сууда заманбап соода борбору курулат деп билдирди Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.

Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин ал мамлекеттик "Туратали базары" ишканасынын ошол кездеги директору Нурбек Эргешовго соодагерлер үчүн заманбап шарттарды түзүү тапшырмасын берген. Башкача айтканда, контейнерлердин ордуна жайында салкын, кышында жылуу, ыңгайлуу имараттар курулушу керек.

Президент долбоордун жай ишке ашырылып жатканы үчүн жергиликтүү жетекчилерди сынга алды. Ошондой эле ал Бишкектеги тажрыйба тууралуу айтып өттү — азыр ал жакта Ош базары жаңы жерге көчүрүлүп жатат. Жаңы объектте соода орундардын саны 6 миң 700дөн 10 миң 800гө чейин көбөйтүлөт.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жаңы базарда соодагерлер үчүн шарттар жакшыртылат: мурда соода орду 2 чарчы метрге чейин болсо, эми 10–15 чарчы метр каралган. Ал ошондой эле Кара-Сууда жаңы соода борбору курулганда бир да соодагер көңүл сыртында калбай турганын жана баарына орун берилерин убада кылды.

Анын айтымында, Ош базарынын курулушу аяктагандан кийин бийликтин көңүлү Кара-Сууда заманбап соода комплексин курууга бурулат. Бул жерде курулуш иштери 24 гектар аянтта жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media
Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media
Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media