Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады
Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.
Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.
Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген таштардын калдыктары да ыргытылбай алардан кайра башка курулуш материалдары жасалат. Завод ээсинин ишкананын кубатуулугун бара-бара дагы көбөйтүп, айына 20-30 миң квадрат курулуш ташын чыгаруу максаты бар.
Ишканада азыр 30 адам иштеп, айына 8 миң чарчы гранит курулуш ташын чыгарат.