Бишкекте БАРЭК бизнес-форуму башталды

Бишкекте БАРЭК бизнес-форуму башталды

Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) эки күндүк бизнес-форуму өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Форумдун катышуучуларын тосуп жатып, Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул бизнес-форум дээрлик 15 жылдан кийинки биринчи ирет өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Министрдин айтымында, иш-чара Кыргыз Республикасы БАРЭК Программасында төрагалык кылып жаткан жылда жана 20-ноябрга белгиленген Программанын 24-министрлик конференциясынын алдында өтүп жатат.

"БАРЭКке мүчө өлкөлөр инфраструктуралык, технологиялык, экологиялык, логистикалык сыяктуу бир катар жаңы чакырыктарга да, инвестицияларды тартууга, интеграцияны өркүндөтүүгө жана чөлкөм аралык сооданы өнүктүрүүгө байланышкан жаңы мүмкүнчүлүктөргө да туш болууда. Дал ушул себептен БАРЭК Бизнес-форуму өтө маанилүү — ал B2B жана B2G форматтары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деп баса белгиледи Б. Сыдыков.

Форумга БАРЭК өлкөлөрүнүн жеке секторунун лидерлери, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары жана инновациялык компаниялары катышып, логистика, санариптик соода, финтех, агротехнологиялар, жашыл энергетика жана туруктуу туризм сыяктуу тармактарды сунуштоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүштөн алынган 117 кызматтык унаа тапшырылды. Бул максатка 176,9 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт башчы өз сөзүндө маданият тармагын каржылоо акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 2,8

Жумуртканын баасы турукташууда

Жумуртканын баасы турукташууда

Бишкек шаарында тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, рыноктогу абал көзөмөлгө алынды. Аталган кызматтан билдиргендей, 14–15-март күндөрү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында базарларда жана соода түйүндөрүндө жумуртканын баасы төмөндөгөнү байкалды. Азыркы учурда баалар 10 даана үчүн орточо 110 сомдон 160 сомго чейин түзүүдө.

Лейлек районунда  3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Лейлек районунда 3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу этапта, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот. Бүгүнкү күндө таза суу

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

28-февралдан 4-мартка чейин Кыргызстанда Япония делегациясынын иш сапары болуп өттү. Делегацияны Тотиги префектурасынын Кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Кацуми Анзай жетектеди. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти. Сапардын негизги максаты — кредиттик кепилдик системалары боюнча тажрыйба алмашуу жана чакан, орто бизнести колдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү. Делегация "Кепилдик