КРнын газдаштыруу деңгээли 22%дан 42%га чейин жетти

КРнын газдаштыруу деңгээли 22%дан 42%га чейин жетти

Газпром Кыргызстан компаниясы Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн 2014-жылы баштаган кезде өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 22 пайыз болсо, азыр 42 пайызга чейин жетти.  Мындай маалыматты “Газпром Кыргызстан” компаниясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Арзымат Алдаяров Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 54 калктуу пункт жана жаны конуштарга узундугу 1400 км газ түтүктөрү өткөрүлүп, 60 миң үйбүлөөгө газ берилген. Калктын саны көбөйгөнүнө байланыштуу, азыр КРнын абоненттеринин керектөөсү да көбөйүүдө.

“Мисалы 2014-жылы республика боюнча газды керектөө 209 млн m3 болсо, азыр эми 542 m3  болду, дээрлик 2 эсеге көбөйдү. Аткара турган жумуштун көлөмү чоң. 2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте  3 жыл ичинде Бишкек шаарын толугу менен газдаштырып бүтөбүз деп, жол картасын кабыл алганбыз. Бирок Бишкек шаарына жаңы конуштар киргизилди. Ошондуктан 70 мин түтүн болсо, 50 миң түтүнгө газ берилди, дагы 20 мин түтүн калды.”

Алдаяровдун билдирүүсүнө караганда, ведостволор аралык комиссия түзүлгөн жана ал комиссия энергетиканы үнөмдөө жана экологияга тийип жаткан залакангы азайтуу үчүн турак жайларды газга өткөрүү тапшырмасын берген.

“Газга туташуу материалды кошо эсептегенде 35-40 мин сомго жакын кетет. Андан сырткары от казандарды коюш үчүн эң арзаны 25 000ден 50-60 миң сомго чейин керектелет. Баарын эсептегенде 80-100 минге жакын акча керектелип жатат. Тилекке каршы, кээ бир үйбүлөөлөр мындай каражаты жоктугуна байланыштуу убагында газ киргизе албай калышууда”.

 “Газпром Кыргызстандын” өкүлүнүн  айтымында, калкты газдаштыруу үчүн өкмөт тарабынан женилдетилген кредит берүү аракети каралган жана мындай жеңилдетилген кредитти, тийиштүү талаптарды эске алуу менен мамлекеттик банктар - “Айыл банк” менен “Эл банк”  берип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууларын улантты. Кара-Суу районунда талкуунун эң актуалдуу темасы — жергиликтүү базардын мындан аркы өнүгүүсү болду. Анткени анда айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү эмгектенет. Кара-Сууда заманбап соода борбору курулат деп билдирди Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. Мамлекет башчысынын айтымында,

Президент 268 млн сом инвестициялык каражат салынган "Медимпекс" ишканасына барды

Президент 268 млн сом инвестициялык каражат салынган "Медимпекс" ишканасына барды

Президент кечээ Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө "Медимпекс" медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана автоматташтырылган технологияларды колдонуу менен заманбап медициналык продукцияларды чыгарат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 268 млн 550 миң сомду түздү, анын ичинде компаниянын өз каражаттары, ошондой эле фонддордон жана банк секторунан