Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 42 757 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,9 %га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын январь-сентябрь номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы кыймылсыз мүлк операциялары (35,9 %), курулушта (34,7 %), административдик жана көмөкчү ишмердик (29,1 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (29,0 %), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (26,2 %), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (24,0 %), мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо (26,9 %) жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (18,3 %) чөйрөлөрүндө болду.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Садыр Жапаров Аравандагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мурда бул окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашып, 2024-жылы авариялык абалда деп табылган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкектеги Түндүк айланма жолунда чаңды азайтуу иштери күчөтүлдү

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма унаа жолунда чаңдан арылтуу максатында подрядчы компания тарабынан суу себүү иштери туруктуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Бирок абанын температурасы жогорулап, унаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу чаңдын көлөмү да өсүүдө. Учурда суу ташуучу техникалардын саны чаңды толук жана ыкчам басаңдатууга жетишсиз болууда. Ушуга

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

МинКаб Төрагасы Вашингтондо: энергетика, инвестиция жана IT тармагы көңүл борборунда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Сапардын алкагында ал Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банк тобунун жазгы жылдык жыйындарына катышат. Иш сапар Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушууларга даярдык көрүү менен башталды. Анын ичинде операциялар боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбор

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Президент Кара-Сууда элге заманбап соода борборун куруп берүүнү убада кылды

Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууларын улантты. Кара-Суу районунда талкуунун эң актуалдуу темасы — жергиликтүү базардын мындан аркы өнүгүүсү болду. Анткени анда айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү эмгектенет. Кара-Сууда заманбап соода борбору курулат деп билдирди Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. Мамлекет башчысынын айтымында,