А.Бакетаев ЭВФ миссиясы менен макроэкономикалык туруктуулукту талкуулады

А.Бакетаев ЭВФ миссиясы менен макроэкономикалык туруктуулукту талкуулады

Финансы министрлигинде финансы министри Алмаз Бакетаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Дмитрий Гершенсон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.            

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономиканын акыркы тенденцияларын, салык-бюджет маселелерин жана алардын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.          

Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абалга жогору баасын берди жана бюджеттик-салык саясатындагы ийгиликтер менен мамлекеттик карыздын туруктуулугун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында финансы министри ЭВФ миссиясына конструктивдүү диалог жана макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөөгө жана өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган реформаларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун айрым кызматкерлери ишкерлерге карата пландуу текшерүүлөрдө мыйзамда каралган жазуу жүзүндөгү эскертүү жана контролдук текшерүүнү өткөрбөстөн, түздөн-түз айып

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, лицензиялардын аракети 2026-жылдын 24-январынан 7-февралына чейин токтотулду. Чечим төмөнкү алмашуу бюролоруна тиешелүү: Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 95 дарегинде жайгашкан "Кызыл жылдыз Кей Джи" ЖЧКсынын 2022-жылдын 1-ноябрында

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштарды бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда аталган жер тилкеси Президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгы бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Бүгүн, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министр өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары негизги тармактарды