Кыргыз-өзбек товар жүгүртүүсүн 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда
Бишкек шаарында өтүп жаткан БАРЭК бизнес-форумунун алкагында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришти.
Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана анын өнүгүү перспективасын талкуулашты. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан аныкталган стратегиялык максат — өз ара товар жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү — сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болду.
Министрлер, мындан тышкары, ишкердик байланышты күчөтүүгө, инвестициялык өнөктөштүктү жандандырууга багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелерин карашты. Ошондой эле өнөр жай, транспорттук логистика, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы келечектүү биргелешкен долбоорлор талкууланды.