Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы өнөктөштүктү кеңейтет

Бүгүн Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Президенти Масато Канда баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Тараптар Кыргыз Республикасы үчүн АӨБ сунуштап жаткан жаңы финансылык шарттарды карап чыгып, келечектеги кызматташтыктын стратегикалык багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министр А.К.Бакетаевдин демилгелери боюнча өзгөчө көңүл Борбордук Азиялык кепилдик фондун түзүү маселесине бурулду. Өлкөдө офиси жайгаша турган бул фонд аймактагы финансылык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган маанилүү инструмент катары белгиленди.

Иш-чаранын соңунда эки тарап бири-бирине ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары да туруктуу жана өз ара пайдалуу негизде улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Ипподром аймагында жана Пригородный конушунун жанында ири турак жай комплекси курулат

Ипподром аймагында жана Пригородный конушунун жанында ири турак жай комплекси курулат

Кечээ Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 2050-жылдарга чейин Бишкек шаарынын башкы планы боюнча маалымат берип жатып “Ишкер медиа” сайтынын башкы план долбоорундагы веложолдор системасы жана жаңы конуштарды ренновация кылуу боюнча суроолорго жооп берди.  Мэрдин айтымында, буга чейин бул маселени экологдор байма-бай көтөрүп келишкендиктен веложолдор системасы да шаардын жаңы башкы планында эске

А.Бакетаев ЭВФ миссиясы менен макроэкономикалык туруктуулукту талкуулады

А.Бакетаев ЭВФ миссиясы менен макроэкономикалык туруктуулукту талкуулады

Финансы министрлигинде финансы министри Алмаз Бакетаев Эл аралык валюта фондунун миссиясынын башчысы Дмитрий Гершенсон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.             Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономиканын акыркы тенденцияларын, салык-бюджет маселелерин жана алардын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.           Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абалга жогору баасын берди жана бюджеттик-салык

БАПК банк өкүлдөрүнө улуттук төлөм системасындагы акыркы жаңылоолорду тааныштырды

БАПК банк өкүлдөрүнө улуттук төлөм системасындагы акыркы жаңылоолорду тааныштырды

2025-жылдын 19-ноябрында «Банктар аралык Процессинг Борбору» (БАПК) өлкөнүн бардык банктары жана финансы-кредиттик мекемелеринин өкулдөрү үчүн окуутуучу ишчара өткөрдү. Аталган борбордун басма сөз кызматынан маалымдагандай, жолугушууда ФКУ өкүлдөрүнө улуттук төлөм системасындагы жаңылануулар тууралуу маалымат берилип, тажрыйба жүзүндө алардын иши көрсөтүлдү. Сессия алгач “Элкарт+” картасынын презентациясы менен ачылып, анда БАПК өкүлдөрү катышуучуларга

1-декабрдан тарта такси айдоочуларынын лицензиясы текшерилет

1-декабрдан тарта такси айдоочуларынын лицензиясы текшерилет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 1-декабрдан тарта такси болуп иштеген айдоочулардын лиценциясы текшериле баштайт. Ал эми оң рулдуу унааларга такси болуп иштөөгө тыюу салынат. Аталган башкармалык айдоочуларга такси болуп иштөө үчүн лицензияны өз убагында алууга чакырат. Болбосо 1-декабрдан тарта лицензиясы жокторго айып салынат.  Лицензия алуу үчүн керектүү