Кыргызстанда 67,3 миң тонна буудай, 12 миң тонна ун кору бар

Кыргызстанда 67,3 миң тонна буудай, 12 миң тонна ун кору бар

Экономика министрлигинин билдириши боюнча 10-октябрга карата Кыргызстандын ун комбинаттарында 67,3 миң тонна буудай жана 12 миң тонна ун кору бар. 

Казакстан транзити аркылуу чектөөлөргө байланыштуу сентябрь айында Россия буудайын алып өтүү боюнча 84 арыздын 24ү макулдашылган. Натыйжада кайра иштетүүчүлөр сатып алууларды Казакстан тарапка буруп, коңшу өлкөдөн Кыргызстанга болгон буудай импорту 55%ды түзгөн. 

Транзиттик чектөөлөрдөн улам мекемелерде сырье баасы өскөн:

Россия буудайынын килограммы – логистика менен курсту эске алганда 19,6 сом;
Казакстан буудайы – 19,8 сом.

Ошондой эле кымбаттоолорго Казакстан аркылуу транзиттик тарифтин бир тонна буудайга 1 000 рублга көтөрүлүшү да таасир эткен:  

1-сорттогу ун – 25-34 сом;
2-сорттогу ун – 19-23 сом:
Кебек – 12-19 сом. 

Мындан сырткары өндүрүштүк мүмкүнчүлүк чектелген: 30 ун комбинатынын 3ү оңдоо үчүн жана дагы 3ү профилактикага убактылуу токтотулуп, 27си иштеп жатат. 2017-жылдан 2015-жылга чейин 27 ун комбинаты жабылып, бузулган.  

Эске салсак, 2024-жылдагы Россия менен Түндүк Казакстандын буудайынын сапатынын начар болушу жана 2025-жылы Кыргызстан менен Казакстандын түштүгүндө түшүмдүн аз болушу сырьелук тартыштыкты күчөткөн.  Транзиттик квоталар кеңейтилип, жеткирүүлөр турукташтырылыбаса  ун баалары жогору бойдон кала берет. 

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын