Кыргызстанда 9 айда 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлдү

Кыргызстанда 9 айда 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлдү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2025-жылдын январь-октябрь айларында жалпы 27 млн 504,3 миң сомго тамеки продукциясы өндүрүлгөн. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине карата өндүрүш көлөмү 13 млн 907,5 миң сомду түзгөн. Октябрь айында өндүрүш көлөмү 1 млн 819,6 миң сомду түзсө, былтыркы октябрь айында ал 1 млн 454,1 миң сомду түзгөн. 

Ошону менен бирге эле тамеки продукцияларын өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн индекси октябрь айына карата 100%ды, январь-октябрь айларында 99,8%ды түзгөн. Бир жыл мурун бул көрсөткүчтөр жыл аягында 125,0%ды жана 166,2%ды түзгөн.  

Мындан тышкары окуңуз

АӨБ президенти Масато Канда Бишкектеги электробустарды көрүп чыкты

АӨБ президенти Масато Канда Бишкектеги электробустарды көрүп чыкты

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен жолугушуп, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын №2 автобекетине барды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Иш сапардын максаты — "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында алынган электр автобустарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү

ИИМ: Чет өлкөдө жана Кыргызстанда мыйзам сактоо боюнча негизги кеңештер

ИИМ: Чет өлкөдө жана Кыргызстанда мыйзам сактоо боюнча негизги кеңештер

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгып жаткан жарандары жана өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар чет мамлекеттин мыйзамдарын, коомдук тартипти жана каада-салттарын урматтоого милдеттүү экендигин эскертет. Белгиленген эрежелерди билбөө же кайдыгер мамиле кылуу административдик же кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн. Кыргызстандыктарга жана чет элдик жарандарга мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн алдын ала

Токмоктогу жылына 10 миң дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод лицензи алды

Токмоктогу жылына 10 миң дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод лицензи алды

“Кумтөр Голд Компани” ЖЧКсынын Токмоктогу дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү филиалы калдыктарды утилдештирүү укугуна лицензия алганын компаниядан билдиришти.  Баса белгилегендей, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген лицензия ишканага автоунаа дөңгөлөктөрүн утилдештирүү боюнча акылуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт. Бул экологияга оң таасирин тийгизет. Завод жылына ар кандай типтеги жана көлөмдөгү

Эмгек жана иш менен камсыздоо тармагында кыргыз-британ кызматташуусу кеңейет

Эмгек жана иш менен камсыздоо тармагында кыргыз-британ кызматташуусу кеңейет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эл аралык эмгек мобилдүүлүгү тармагындагы эки тараптуу