Кара-Суу районунда интеграцияланган ири долбоор ишке ашат

Кара-Суу районунда интеграцияланган ири долбоор ишке ашат

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кара-Суу районунда ишке ашырылуучу ири интеграцияланган долбоордун уюштуруучусу "Вэньц Компанинин" өкүлдөрү менен жолукканын “Кабар” маалымат агенттиги жарыялады. 

Инвестициялык консорциумдун курамына эл аралык алдыңкы компаниялар — Qiyan Holdings Limited, "Ухай" компаниясы жана Bitmain Technology Ltd. кирет. Алар көмүр казып алуу, энергетика жана интеллектуалдык эсептөө технологиялары боюнча кеңири тажрыйбага ээ.

Долбоордо ири көмүр шахтасын, бир нече жылуулук электр станцияларын куруу, интеллектуалдык эсептөө борборунун инфраструктурасын түзүү жана эсептөө жабдууларынын интеллектуалдык тармагын жайгаштыруу каралган.

Жолугушуу учурунда долбоорду ишке ашыруунун негизги параметрлери, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүн болгон механизмдери жана мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.

Аймак үчүн долбоордун социалдык-экономикалык маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, долбоор ишке ашса жаңы жумуш орундары түзүлүп, өндүрүштүк жана энергетикалык инфраструктура өнүгөрү айтылды. 

Мындан тышкары окуңуз

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылындагы ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келгенин айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес. "Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу