Курулуш компанияладын жетекчилерине акы төлөнүүчү кызматтар тууралуу кабарланды

Курулуш компанияладын жетекчилерине акы төлөнүүчү кызматтар тууралуу кабарланды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстандагы 100дөн ашык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлунда чыккан №393 токтомун ишке ашыруу жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берилди.

Тагыраагы  “Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого” толуктоолор киргизилген. Мындан ары курулуп жаткан объекттердин реестрине капиталдык курулуш, реконструкциялоо, имараттарды кайра профилдештирүү жана кайра пландоо объекттерин киргизүү (республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттерден тышкары) акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Ал эми төлөмдүн өлчөмү жана тартиби КРнын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.

Акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүүнүн негизги максаттары:

• Объекттерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүү

• Курулуш сапатын жана коопсуздукту жогорулатуу

• Курулуп жаткан объекттердин реестрин бир калыпта түзүү

• Курулуш процессинде туруктуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу

• Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу

Министр өз сөзүндө бул өзгөртүүлөр курулуш тармагындагы тартипти чыңдоого, объектилерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүүгө жана курулуштун ар бир этабынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын