Таласта 15 сомдук желим түтүк 3500 сомдон сатылып мамлекетке 23 млн сом зыян келтирилген

Таласта 15 сомдук желим түтүк 3500 сомдон сатылып мамлекетке 23 млн сом зыян келтирилген

Таласта суу эсептегичтерди орнотуу долбоорун ишке ашырууда одоно мыйзам бузуулар болуп, мамлекетке 23 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин УКМК билдирди.

2019-жылы "Таза Суу" муниципалдык ишканасы "P" ЖЧКсы менен 6000 суу эсептегичти жеткирүү жана орнотуу боюнча 349,7 миң еврого келишим түзгөн. Келишимге жабдууларды жеткирүү, орнотуу, ишке киргизүү, текшерүү жана кабыл алуу актыларын жумушчу абалда иретке келтирүү кирген.
 Бирок, текшерүүнүн жүрүшүндө берилген эсептегичтер иштебей турганы, болжол менен 580 эсептегич жок экени, 4000 метр полиэтилен түтүктөрүнүн метри 35 евродон (болжол менен 3500 сом) сатып алынганы, ал эми алардын чыныгы баасы (сатып алуу мезгилинде) 15 сомдун тегерегинде болгону аныкталды.

 Кепилдик мөөнөтү аяктагандан кийин подрядчынын кепилдик төлөмдөрү эч кандай сапат же жумуштун аткарылышы текшерилбестен кайтарылып берилген. Андан тышкары, 2022-жылдан бери жашоочулар эсептегич системасын ишке киргизүү жарыяланганына карабастан имаратта жашаган адамдардын санына жараша эски система боюнча суу үчүн акы төлөп келишкен.

Учурда подрядчик бул каражатты толугу менен УКМКнын атайын эсебине кайтарып берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын