Бангладештик жумушчулар бийликтен жардам сурашты

Бангладештик жумушчулар бийликтен жардам сурашты

Кечээ "Азаттык" Бангладештин 20дан ашык жараны редакцияга кайрылып, соңку үч айдан бери айлыгы тийбей, иш берүүчү ишке чыкпаган ар бир күн үчүн 2 миң сомдон айлыгынан кемитип, моралдык-психологиялык басым көрсөткөнүн айтышканын жарыялады. 

Бангладештик жарандар тигүү цехинин ээси паспортторун алып койгондуктан, башка жерден иш таап кете албай же Бангладешке кайта албай жатканына даттанышкан. Буга улай алар үч айдан бери үйүнө акча жөнөтө албай, нан менен суу ичип отурганын айткан чет элдиктер кыргыз бийлигинен укугун коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Аларга иш берген цехтин кожоюну Улан Суеркулов болсо тигүү тармагында иш токтогону үчүн айлык берүүдө маселеси жаралганын моюнга алды. Бирок буга чейин чейин айлык төлөп келгенин жана мыйзам бузбаганын билдирген. 

“МинКабдын маалыматында, 2024-жылы чет элдик эмгек мигранттардын эмгек квотасы 25 миңге жеткен. Анын 63% өнөр жай, курулуш жана транспорт тармагына берилген. Тоо-кен тармагы менен соода, тейлөө жана ишкердикке 13-14% туура келет. Эмгек мигранттарына бөлүнгөн квотадан тышкары, студенттик жана ишкердик визалар менен жүргөндөр миңдеп саналат” деп жазат “Азаттык”.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын