Экономика министрлиги Россия менен стратегиялык пландаштыруу боюнча Меморандумга кол койду

Экономика министрлиги Россия менен стратегиялык пландаштыруу боюнча Меморандумга кол койду

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлиги стратегиялык пландаштыруу тармагында кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюшту.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, документ эки тараптуу тажрыйба алмашууну тереңдетүү, долбоордук башкаруу, социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн.

Меморандум төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • стратегиялык пландаштыруу боюнча аналитикалык материалдар жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу;
  • биргелешкен билим берүү программаларын, стажировкаларды жана эксперттик иш-чараларды өткөрүү;
  • улуттук долбоорлорду жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • мамлекеттик программалардын эффективдүүлүгүн баалоо боюнча консультациялык колдоо;
  • мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча изилдөөлөр жана конференцияларды өткөрүү;
  • эки өлкөнүн адистери үчүн окуу-методикалык материалдарды даярдоо.

Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди, беш жылдык мөөнөткө эсептелип, андан ары узартылышы мүмкүн. Бул документ мамлекеттик органдардын институционалдык потенциалын бекемдөөгө, стратегиялык пландаштыруу ыкмаларын жакындатууга жана кадрларды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын