В.Путин: Россиядан Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция тартылды

В.Путин: Россиядан Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция тартылды

Россия президенти Владимир Путин Бишкектеги эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан экономикасына салынган россиялык инвестициянын көлөмү 2 млрд долларга жакын болгонун билдирди.

Россия лидери өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 13,6%га жетип, 4,1 млрд долларды түзгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле ал быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында бул көрсөткүч 17%га өскөнүнө токтолду.

В.Путин финансылык өз ара кызматташуудагы негизги өзгөрүү башка валюталардан толук баш тартуу болгонун билдирип, өлкөлөр арасындагы бардык төлөмдөрдүн 97%ы улуттук валюталар менен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Россия лидери Кыргызстанда россиялык катышуу менен 1700 ишкана иштеп жатканын билдирди. “Россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен болгон кызматташтыктагы мындай ишеними сиздин аракетиңиз жана ички саясаттагы жакшы динамикага байланыштуу. Биз сиздин башкарууңуз алдында республика туруктуу өлкө, ишенимдүү өнөктөш болгонун ыраазычылык менен айтып келе жатабыз”, - деди В.Путин.

Сүйлөшүүлөр учурунда кызматташуунун перспективдүү багыттары баса белгиленди. Жаратылыш газы менен мунай продукцияларын салттуу жеткирүүдөн сырткары россиялык компаниялар жогорку технологиялык долбоорлорду карап жатышканы айтылды.

Алар:
• тынч атомду өнүктүрүү;
• күн, шамал электр станцияларын куруу;
• санариптик экономика тармагындагы долбоорлор;
• транспорттук-логистикалык маршруттарды кеңейтүү.

Коопсуздук жаатында В.Путин Бирдиктүү россиялык аскер базасынын ролун өзгөчө белгилеп, аны региондун туруктуулугун камсыз кылууда негизги фактор катары атады.

Мындан тышкары окуңуз

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылындагы ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келгенин айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес. "Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу