Балык чарбасынын кирешеси он айда 2 млн сомдон 11 млн сомго өстү

Балык чарбасынын кирешеси он айда 2 млн сомдон 11 млн сомго өстү

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, министрликтин иши боюнча жүргүзүлгөн анализдин жүрүшүндө 27 негизги мамлекеттик кызматтын ичинен болгону үчөө гана толук автоматташтырылганы аныкталды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, санариптештирүүдө лидерликти Балык чарба департаменти көрсөтүп, балык уулоо жана балык чарбаларын уюштуруу боюнча документтерди даярдоо толугу менен электрондук форматка өткөрүлгөн.

Ушундан улам министрлик бардык мамлекеттик кызматтарды талдап чыгып, ар бир багыт боюнча негизги процесстердин картасын түздү: кайсы кызмат толук автоматташтырылган, кайсы жерде маалыматтык системалар жарым-жартылай колдонулат, ал эми кайсы жерде фермерлер дагы деле кагаз папка көтөрүп кабинеттен кабинетке барууга мажбур.

"Мурда балык уулоо билетин сатуудан түшкөн жылдык киреше 2 млн сомдун тегерегинде болчу, эми 10 айдын ичинде 11 млн сомго жетти. Бул чоң жетишкендик", – деди Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;