“Google салыгынан” өлкө бюджетине 1,3 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн

“Google салыгынан” өлкө бюджетине 1,3 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн

"Google салыгы" кыргыз бюджетине январь-октябрь айларында 1,3 миллиард сомдон ашык киреше алып келгенин Финансы министрлиги билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Былтыр 9 айда 678,8 миллион сом чогултулган.

Эске салсак, Кыргызстан колдонуучуларына электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик уюмдар үчүн 2022-жылы “Google салыгы” киргизилген. Кошумча нарк салыгынын ставкасы сатылган кызматтардын наркынын 12 пайызын түзөт.

2023-жылы Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн 48 чет элдик компания, анын ичинде Google, Facebook, Yandex Go, стриминг кызматтары жана программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар салык төлөшкөн.
Салык кызматынын маалыматы боюнча, Нидерландияда расмий катталган төрт компания мурда аралыктан салык каттоосун жүргүзгөн. Ошондой эле АКШда, Улуу Британияда жана Россияда экиден компания, ал эми Ирландияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Арменияда, Казакстанда жана Кипрде бирден компания катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту