Кыргызстан ЭКУда экономикалык интеграцияны күчөтүүнү сунуштады

Кыргызстан ЭКУда экономикалык интеграцияны күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 29-жыйынына онлайн-режимде катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында делегациялар аймактагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана гуманитардык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашты. Министр Кулубаев ЭКУнун потенциалын толук пайдалануу жана экономикалык интеграцияны күчөтүү боюнча жаңы практикалык кадамдардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Негизги багыттар:

  • Транспорт: транзиттик-транспорттук алакаларды кеңейтүү артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.
  • Энергетика: CASA-1000 долбооруна негизделген ЭКУнун бирдиктүү энергетикалык тутумун түзүү сунушталды. Мындан тышкары “Таза энергия борбору” Уставынын күчүнө кириши кубатталды.
  • Инновациялар: IT-парктардын платформаларын, жасалма интеллект, е-коммерция жана киберкоопсуздук боюнча биргелешкен программаларды өнүктүрүү сунушталды.
  • Гуманитардык кызматташтык: ЭКУ өлкөлөрү 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылды.

Жыйындын соңунда мүчө-мамлекеттер кызматташууну кеңейтүү чечимдерин колдоп, кийинки жыйын 2026-жылы Пакистанда өтөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстанда жүктөрдү ташууда навигациялык пломбалар колдонулат

Кыргызстан менен Казакстанда жүктөрдү ташууда навигациялык пломбалар колдонулат

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы автомобилдик ташууларда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө. Пломбалар бардык товар түрлөрүн автотранспорт менен ташууда ыктыярдуу жана акысыз негизде колдонулат. Салык кызматынын маалыматына ылайык, пломбалар Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга, ошондой эле Казакстан жана Россиядан Кыргыз Республикасына

Кыргыз делегациясы Казакстанда социалдык реформалар боюнча тажрыйба алышты

Кыргыз делегациясы Казакстанда социалдык реформалар боюнча тажрыйба алышты

Күн мурун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы социалдык реформаларды өнүктүрүү тажрыйбасын изилдөө максатында Казакстандын Алматы шаарына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы мектептерди модернизациялоо тажрыйбасы, Улуттук жугуштуу оорулар илимий борборунун ишмердүүлүгү, комьюнити-борборлордун иши жана чет элдик

Ысык-Көлдө электр тармактары толук  модернизацияланды

Ысык-Көлдө электр тармактары толук модернизацияланды

2025-жылы "КУЭТ" ААКтын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы облустагы эскирген электр жабдууларын жаңыртып, модернизациялоо иштерин аяктады. Жумуштар аймактагы электр зымдарын жана мамыларды жаңылоого, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатууга, кардарларга сапаттуу жана туруктуу электр энергиясын камсыздоого багытталды. Иш-чаранын алкагында 90 чакырым эски алюминий зым СИП зымдарына алмаштырылып, 1300дөн ашык жыгач мамылар темир-бетон

Салык кызматкерлери алкоголдук продукцияны көзөмөлдөө боюнча окуудан өттү

Салык кызматкерлери алкоголдук продукцияны көзөмөлдөө боюнча окуудан өттү

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери этил спирти жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшү менен жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө жаатында атайын окутуудан өтүштү. Бул тууралуу Салык кзыматынан билдиришти. Окутуу “Альфа Телеком” ЖАК менен биргеликте санариптик маркаларды колдонуу, лицензия берүү жана салык постторунун иши боюнча өткөрүлүп, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталды. Алынган билимдер салык төлөөчүлөргө алкоголдук продукцияны