Кыргызстан ЕБ менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багыт алды

Кыргызстан ЕБ менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багыт алды

26-ноябрда Ташкент шаарында өткөн "Европалык союз – Борбор Азия" Үчүнчү экономикалык форумуна Кыргызстан жигердүү катышып, регионалдык жана эл аралык кызматташтык боюнча өз позициясын билдирди. Бул туралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү катышып, экономика, транспорт, жашыл энергетика жана санариптик интеграция сыяктуу негизги багыттар талкууланды. Кыргызстандын делегациясын МиКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеди.

Форумдун биринчи пленардык сессиясында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кыргызстандын чек ара өткөрмө пункттарына киргизилген электрондук кезек системасы тууралуу айтып, анын натыйжаларына токтолду.

Анын айтымында, электрондук система жүк ташуучу унаалардын топтолушун жойгон, чек арадан өтүүнү тартипке салып, күтүүнү болжолдуу жана башкарылуучу кылган.

Аймактык кызматташтык боюнча тегерек столдо И.Асылкулов санариптик соода жол-жоболорунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан ЭСКАТОнун Кагазсыз соода кеңешине кайрадан төрага болуп шайланышы санариптик интеграциядагы лидерликке болгон умтулуусун тастыктаганын айтты.

Форумдун жүрүшүндө Асылкулов Европалык инвестициялык банктын вице-президенти Марек Мора менен жолугуп, Кыргызстандагы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду талкуулады. Банк январда Кыргызстанга делегация жөнөтүп, долбоорлордун кийинки баскычтарын изилдөөгө даяр экенин билдирди.

Кыргызстандын форумга катышуусу ЕБ менен экономикалык өнөктөштүктү күчөтүүгө, санариптик соода чечимдерин илгерилетүүгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган жаңы кадамдарга жол ачты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;