Республикалык бюджет 500 млрд сомдон 800 млрд сомго өстү

Республикалык бюджет 500 млрд сомдон 800 млрд сомго өстү

Финансы министри Алмаз Бакетаев “Биринчи радионун” түз эфиринде республикалык бюджет жыл башында 500 млрд сом деп бекитилгенин, бирок азыр өзгөртүүлөр киргизилип 800 млрд сомдон ашканын билдирди.

Министрдин айтымында, мындай өсүш кирешелердин көбөйүүсү жана чыгашалардын оптималдаштырылышынын натыйжасы. “Бул — экономикалык өсүштүн жана финансылык туруктуулуктун көрүнүшү,” - деди ал.

Ал эми 3-декабрда Министрлер Кабинетинин жыйынында бюджеттеги өзгөртүүлөр жана кошумча маселелер карала турганы белгиленди.

Мындай бюджеттеги өсүү мамлекеттик программалар, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн кошумча ресурсту камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу

Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт

Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт

Бишкек шаарына жакында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө жалпысынан 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жаңы аймактарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан. Мэр белгилегендей, аталган программанын