Январь-октябрь айларында автожүк ташуу 48,5 млн тонна болду
2025-жылдын январь-октябрь айларында бардык транспорт түрү менен ташылган жүктөр 2024-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 5,1 млн тоннага көбөйгөн, тагыраагы 48,5 млн тонна болгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
2025-жылдын октябрь айында 2024-жылдын октябрына салыштырмалуу транспорттун бардык түрү менен ташылган жү 1,1 млн тоннага же 20,5%га өскөн.
Ошон менен автоташуулар көлөмүнүн 57%ы жеке ишкерлерге таандык болгон.