Мыйзамсыз жабдык орноткон компанияга 200 миң сом айып салынды
Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз орнотулган жабдыктар үчүн компанияга 200 миң айып пул салынганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей “ЧиЛинг Строй” ЖЧКсы “Лонг Хай” ЖЧКсына тиешелүү территорияга бетон аралаштырган түйүн орнотуп алган.
Ошондой эле мыйзамдын негизинде “ЧиЛинг Строй” ЖЧКсынын бетон аралашмасын облустун башка мекемелерине сатуу аракеттери боюнча докмуенттери текшерүүгө алынат.
Курулуш министрлиги буга байланыштуу башка компанияларды да курулуш иштерин мыйзам чегинде жасоого чакырган.