Виртуалдык активдер рыногунда тобокелдиктерди баалоо системасы ишке кирди
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) виртуалдык активдер рыногуна катышуучулар үчүн "Тобокелдик-скоринг модели" бекитилгенин билдирди.
Финкөзөмөлдүн маалыматына ылайык, бул модель ПУВАнын ишин тобокелдикке багытталган системалык баалоо аркылуу жакшыртууга, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана тобокелдиктерди өз убагында аныктоого багытталган.
Тобокелдик деңгээлине жараша — төмөн, орто, жогору же критикалык — тиешелүү чаралар колдонулат: стандарттык мониторинг, күчөтүлгөн көзөмөл, кол менен текшерүүлөр, операцияларды чектөө же бөгөттөө, ошондой эле шектүү операциялар жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүү.
Бул модель Финкөзөмөлдүн жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, транзакцияларды санариптик механизмдер менен талдоо жана виртуалдык активдер рыногу катышуучуларынын ак ниет иштеши үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Пайыздык скоринг сектордун ачык-айкындуулугун, туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
"Тобокелдиктерди баалоо модели" Финкөзөмөлдүн 2025-жылдын 1-декабрындагы №658-п буйругуна тиркелет.